Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген Я.К. аттуу кыргызстандык кармалып, №1 тергөө камак жайына киргизилди.


Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан учурда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган.


Я.К. кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган. Мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн аталган факты Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында Я.К. кармалган.


Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн