Жогорку сот кримтөбөл Кадырбек Досоновдун (“Женго” каймана аты бар) ишин кайра кароого жөнөттү.
Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 21-сентябрда эки инстанциянын чечими жокко чыгарылган.
Эскерте кетсек, Ош облустук сотунун чечимине ылайык, Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн