Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Кубан Мамбеталиев 70 жашта

04.11.2023 17:58
408
Кубан Мамбеталиев 70 жашта


Белгилүү журналист, публицист, профессор, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубан Мамбеталиевдин 70 жылдыгына арналган “Журналистика: илим, билим жана тажрыйба” аттуу “тегерек үстөлү” И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында өттү. Чынын айтыш керек, Кубан агабыз атайын баарлашып, кенен-чонон отуруу үчүн өзүнүн абдан жакын адамдарын гана чакырыптыр...


Албетте, “тегерек үстөлгө” келген коноктор Кубан Мамбеталиевдин ары кырдуу, ары сырдуу, кара кылды как жарган калыстыгын, чындык үчүн күйүп-бышкан нагыз демократ публицист экенин баса белгилешти. Өткөн кылымдын 90-жылдары, тактап айтканда, Кыргыз мамлекети эгемен алган алгачкы жылдарда 4-бийлик болгон ЖМКнын эң кадыр-барктуу өкүлү болгонун баса белгилешти. Кубан Мамбеталиевдин гезит беттерине жарыяланган ошол кездеги публицистикалары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, ар бир макаласын издеп окуп калгандарын эскере отурушту... 


Кубан ага, 70 жылдык мааракеңиз кут болсун! Кылым карыта жашаңыз. Жараткан сизге күч-кубат берсин!


Сурат Жылкычиев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн