Айтакунов Кубанычбек Маратбекович Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кубанычбек Айтакунов Бишкек шаардык кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Вице-мэр Виктория Мозгачева муниципалдык кызматкерди жамаатка тааныштырды.
Тиешелүү буйрукка шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.
Белгилей кетсек, Октябрь районунун башчысынын мурдагы биринчи орун басары Алтынбек Маматов Ленин районунун акимиатына которулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн