Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан санитардык-эпидемиологиялык жана башка чаралар тууралуу айтып берди.
Нарын облусунда үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик
имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү. Бул
тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов
республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Ошондой эле ал Нарындагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан санитардык-эпидемиологиялык жана башка чаралар тууралуу айтып берди.
Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди.
«Түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
Ыкчам штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү маселесин талкуулады. Көчмө лабраторияларды сатып алуу жана тийиштүү адистерди окутуу ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн