27-февралга караган түндө Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, жер титирөө түнкү саат 03:42 чамасында катталган. Анын күчү очогунда 5,9 баллга жеткен.
Жер титирөө бир аз убакыттан кийин кайрадан катталып, анын күчү 5,6 баллга жеткен.
Жер титирөө Алматы шаарында да байкалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн