Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:17
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

“Кудайберген” базарынын айыл чарба техникаларын саткан бөлүгү ачылды

15.04.2020 11:30
933
“Кудайберген” базарынын айыл чарба техникаларын саткан бөлүгү ачылды


Бишкек шаарындагы “Кудайберген” базарынын айыл чарба техникаларынын саткан бөлүгү ачылды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Кудайберген” базарындагы айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүн сатуучу контейнерлерге өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө уруксат берилген. Мындан сырткары, өкмөттүн тапшырмасы менен жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз уюштуруу максатында айыл чарба техникаларынын тетиктерин сатуучу түйүндөр уюштурулган. Учурда республиканын аймактарында запастык бөлүктөрдү саткан 80ден ашык дүкөн иштеп жатат.

 

Маалыматка таянсак,  Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандардын буюртмасынын негизинде Бишкек шаарындагы  дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен биргеликте облустарга айыл чарба техникаларынын тетиктерин жеткирүү иштери уюштурулган. Ал эми Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы фермерлер техниканын запастык бөлүктөрүн Ош жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бизнес-соода кампаларынан алып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн