Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:27
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кудрет Тайчабаров кечээ кабылган жол кырсыгы тууралуу үн катты

26.01.2022 13:28
1018
Кудрет Тайчабаров кечээ кабылган жол кырсыгы тууралуу үн катты


25-январда "Бишкек" Эркин Экономикалык Аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды.


Бүгүн ал кырсыктын чоо-жайын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып берди.


Анын айтымында, ал башкы жол менен келе жаткан учурда анын унаасын жеңил унаадагы айдоочу келип сүзгөн.


"Окуя кечээ Борбор Азия боюнча электр энергиясы өчкөн учурда болгон. Мен Айтматов проспекти менен ылдый келе жаткан учурда башкы жолдо мен болчумун. Түштүк магистралда өтүп жаткан унаалар токтоду. Ошол учурда катуу ылдамдык менен келген жеңил унаанын айдоочусу менин унаамды сүздү.

Окуя ошол жерде эле иликтенип, унаалар айып аянтчасына алынып кеткен.

Көрсө, ал жаш бала айдоочу күбөлүгүн сатып алган экен. Ал жол эрежелерин дагы билбейт экен",- деди Тайчабаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн