Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кудум алмадай жасалган идишке баңгизат салып, чет өлкөгө экспорттоого аракет кылгандар аныкталды (видео)

19.10.2021 09:21
648
Кудум алмадай жасалган идишке баңгизат салып, чет өлкөгө экспорттоого аракет кылгандар аныкталды (видео)

Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында “Иран Ислам Республикасы - Түркмөнстан-Өзбекстан Республикасы-Казакстан - Кыргыз Республикасы” каттамы боюнча жүргөн DAF маркасындагы жүк ташуучу унаасына тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын жүк ташуучу прицепбинде салынган айрым алма таңгактары пенопласттан жасалган 147 даана алма табылган, алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыттаган затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын К.Б. аттуу жараны кармалган. Бул факты каттоого алынып, териштирүү башталган.


Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган прицеп Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркмөнстандын транзиттик аймагынан дагы бир прицеп кошулуп, Өзбекстан Республикасына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу прицеп рефрижераторду кошуп Кыргыз Республикасынын аймагына бет алгандыгы белгилүү болгон.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн