Теке 03, 2024
Убакыт: 21:28
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кулагы жана мурду кесилген аялдын операциясына Түркиялык дарыгер жардам берет

25.09.2023 15:12
275
Кулагы жана мурду кесилген аялдын операциясына Түркиялык дарыгер жардам берет


Түркиялык дарыгер Микаел Сурер мурунку күйөөсү кулагын жана мурдун кесип салган аялга барган. Дарыгер жабырлануучуга кийинки операцияларда жардам берүүнү убадалады. Бул тууралуу жабырлануучунун эжеси Диана социалдык тармактарга билдирди.


Микаел Сурер аялдын мурунку жүзүн кайтаруу үчүн баарын жасай турганын, ал үчүн акча албай турганын айткан.


Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага бычактан алган жаракаты менен 36 жаштагы аял түшкөн. Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн