Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Култегин: "Булбул менен булбул бирге өмүрдөн кетет...” – дегенди уккан эмес экемин

27.04.2021 11:24
732
Култегин: "Булбул менен булбул бирге өмүрдөн кетет...” – дегенди уккан эмес экемин


“Булбул менен булбул бирге жүрөт...” – дегенди укчу элем. “Булбул менен булбул бирге сайрайт...” – дегенди да укчу элем. Бирок “Булбул менен булбул бирге өмүрдөн кетет...” – дегенди уккан эмес экемин. Муну айтканым, Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Бексултан Жакиевдин азасы Кыргызды кыжалат кылып турган кезде, ого бетер ага кошул-ташыл болуп, айтылуу Академик, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жан теңелгис жаркын инсан Какеев Аскар Чукутаевичтин дүйнөдөн өтүшү кыргыздын муун-жүүнүн такыр эле бошотуп салгандай туюлат алыстагы мага. Туу туткан адамдары тургай, кыргыз улутунун өзү эсептелүү эмес беле, аттигиң...


Башымды мычкый ойлонуп көрсөм, чыгармачылыкта буга чейин жеке мага Аскар Чукутаевичтей күтүүсүз колдоо көрсөткөн адам кездешпептир. Биринчи колдоосу дегеле эстен кеткис. 1990-жылдар. Аскар Чукутаевич анда Илим, билим министри болуп иштейт. Мен отуздардагы жаш акынмын. Бир күнү эле “Кыргыз Туусу” гезитине эки бет – разворот толо килейген макала чыгарыптыр. Айланайы-ын, макала мен жөнүндө, менин арзыбаган поэзиям тууралу экен! “Рухтун айданектери же Кожогелдинин ырларынан алган таасирлер” деген макала. Көзүм ала чакмактанып – же тамгалар илешпейт жакшыраак. Башына, ортосуна, аягына алактап көз чаптырсам – катуу мактап салыптыр мени. Ошондогу абалымды түшүндүрүш үчүн азыр кайсы бир жаш акындан сурагым келет. Даңазалуу Академик, кечеги Мамлекеттик катчы, бүгүнкү Илим, билим министри, демек, өлкөнү калчап турган адамдардын бири азыр сен жөнүндө Өкмөттүк гезитке килейген макала жарыяласа кандай алда болор элең?.. Мен кудум ошондой акыбалда болгомун...


Аскар Чукутаевичтин алдынан жүгүрүп чыгып учурашчу болдум. Айрыкча Өкмөт аппаратында иштеп калганымда көбүрөөк жолугушуп, көбүрөөк баарлашууга мүмкүндүк алдым. Таң каларлыктай таза, таң каларлыктай кызыктуу инсан экен. Акүйгө көбүнчө жөө келет. Жайкы ысыкта бешмантын (пиджагын) илгичинен сөөмөйүнө илип-көтөрүп алма адаты бар. Эмне үчүн машинасыз жүргөнүн сурап калдык бир күнү. Министрлик Акүйгө жакын экенин, жөө басып кыймылдабаса болбой тургандыгын айтып келип: “Анын үстүнө шопурумдун айлыгы аз, ага мен жардам бере албаймын... Кичине эптештирип машина менен иш-пиш жасап, тыйын-пыйын таап алаар...” – дебеспи...


Алгачкы көлөмдүү китебим “Бал ууртамга” баш сөз жазды кийин. Чыгарып берем деп тыйынымды алган жердешимдин колунда үч жыл жатпаспы китеп. Башкадан да Аскар Чукутаевичтен уялам китеп чыкпай аткандыгы үчүн. Сурайт. Карааны көрүнсө каччу болдум. Мукураганда китепти “Бийиктик” басмасынан чыгардым. Ошто иштеп, Ошто турчу элем анда. Аскар Чукутаевич Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору. Кирдим да, китептин жүзачар аземин Ошто – Султан Ибраимов атындагы драма театрында чоң деңгээлде өткөрө турганымды, театр китепке кирген “Түндүктү ким көтөрөт?” драмам боюнча спектакль даярдап жатканын айтып, катышып берүүсүн сурандым. Унчукпай бир чекитти карап туруп: “Башка күнгө которсо болбойбу?” – деди. Жаңы жылдын алдында мүмкүн эместигин билдирдим. “Барам!” – деди чечкиндүү. Биринчи проректору Искендер Исамидинов агайды чакырды да: “Мага сыйлыкты тапшыруу салтанатын жаңы-жылдан кийинкиге жылдырып койгула, мен ошо күнү Ошко барбасам болбойт, самолетко белет камдагыла...” – дебеспи. Көрсө, ошол кече өтө турган күнү өзүнө “Руханият” сыйлыгын тапшыруу аземи өтмөк экен...


Аскар Чукутаевич адамдын жолун ачып салчу. Ошондой касиети бар эле. Университеттен чыккандан кийин да ишим жүрүшүп, Оштогу кечеге ал кездеги Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Жээнбеков Сооронбай Шарипович да бармак болбодубу Бишкектен! Сүйүнүчтүү кабарларым менен барганда – Ошко толо эле түштүм! Ошто толуп-ташыган акындык кече өткөрдүк! Мен этибар албапмын, Аскар Чукутаевичтин ректорлугунан да, Кыргыз Республикасынын Президентинин илим-билим боюнча кеңешчиси статусу Ошту кыйла титиретип койду – келатат эле, келатат дедиртип. Кийин чайда айрыкча айылдардан келген аксакалдар менен камыр-жумур аралашып, “Калдайган кара-кулжалык туугандарым, кандайсыңар?” – деп бажоо ал-жай сурашып, тамаша айтышып, кучакташып, жанында коштоп барган жетекчилерди бийлетип...– бир ажайып кеченин башында турду! “Калдайган кара-кулжалыктар менен баарлашып келдим...” – деп гезитке маек да бериптир. Элге ушунчалык тез алынат экен – айылдардан келген аксакалдар жолукканда эле Аскар Чукутаевичти сурашчу канча жылдап...


Эми менин а кишиге жардам бергенимди, тактап айтканда, жардам бермек болгонумду айтайын. Те кийин Филармониядагы бир керемет кечеден сыртка чогуу чыгып калдык. Бишкекте. Байбичеси өтүп кеткенине кыйла жыл болгон. Жанында жаркылдаган бир келин бар экен. Көп деле маани бербеппиз а кишиге. “-Аскар Чукутаевич, машинеңиздер барбы?” – дедим коштошордо. “-Жок... биз мындай эле басып кетебиз...” Үйүн билем да, жөө кишиге итапкан аралык. “-Жүрүңүздөр, биз таштап койобуз?” А киши болбойт, мен да тимеле жабышып алдым жеткирем деп. Кийин жаңы жеңеге байланыштуу куттук айтып кафеде олтурганыбызда күлдүрөт Аскар Чукутаевич: “Кожокемдин жардам бергени чатак экен. Зордун-зору менен муну көндүрүп филармонияга алпарып алсам, андан кийинкиге кафеге орун буюртмалап койсом, бул “Үйүңүздөргө жеткирип салам...” – деп болбойт жүрөктү түшүрүп. Зорго качып кутулбадыкпы ошондо...”


Улук боюн кичик кылып, Аскар Чукутаевич менин бир катар ыр-саптарымды жатка айтат эле. Министр кезинде Август кеңшмесине барыптыр Ошко. Драмтеатрда өтүп аткан экен жыйын. Министр узакка сүйлөйт да. Бир кезде Барпы Алыкуловдун саптарын бир нерсеге мисал тутуп, андан ары менин сүйүү саптарыма өтүп кетиптир. Карагылачы мына бул саптарды... карагылачы... деп атып... бир кезде анан чочуп кетип өз темасына түштү дейт... Мен сөзүн жазган үчүн эмес, Исирадин Аманбаев обонун чыгарган үчүн эмес, Аскар Чукутаевич оозунан түшүрбөй айта бергендиги үчүн “Айданек” гезиттерге чейин ат болуп калган жайы бар...


Бардык жакшылык-тойлорубузда төрүбүздүн көркү эле кайран киши. Сүйлөш керек болсо сүйлөчү ортолорунда ойлоно-ойлоно калып... Бийлеш керек болсо бийлечү эки колун эркин шилтеп... Тыңдаш керек болсо тыңдачу ээгин көтөрө эрип-ормоюп. Балдардын билимдүү болуп атканы, чет тилдерди билгени а кишинин сөз оролунда эле дайыма. Мен Түркиялап кетип, анан пандемия деген балакет чыгып, ар ким өзү менен өзү болуп – катышыбыз солгундап кеткенин мынабу каргашалуу кабардан кийин этибар алып атам, аттиң турмуш...


Аскар Чукутаевичтей билим маршалын, балким, тапса болор, Аскар Чукутаевичтей мамлекеттик ишмерди, балким, тапса болор. Бирок Аскар Чукутаевичтей жан теңелгис жаркын инсанды табыш мүмкүн эмес! Кош бол, асылдын асылы...


Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны. Анкара.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн