Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кулубаев Сергей Глазьев ЕЭК интеграциясын өнүктүрүүнү талкуулады

27.05.2022 12:53
942
Кулубаев Сергей Глазьев ЕЭК интеграциясын өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн, 27-майда Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү (министр) Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Тараптар 2022-жылдын 26-майында Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумун жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынын кеңири талкуулашты.


Жээнбек Кулубаев ЕАЭБ мамлекеттеринен да, үчүнчү өлкөлөрдөн да (форумга 15 өлкөдөн 2500дөн ашык адам катышкан) коноктордун форумга катышууга кызыгуусу жогору болгондугун белгиледи. Ал ошондой эле форум актуалдуу маселелерди талкуулоого жана жаңы демилгелерди көтөрүүгө багытталган бизнес менен бийликтин түз диалогу үчүн аянтча экенин кошумчалады.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар интеграциялык бирикменин алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн