Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кумарканага альтернатива сунуштай алабызбы?

27.04.2021 16:01
866
Кумарканага альтернатива сунуштай алабызбы?


Садыр Жапаровдун "арак менен чочконун этин сатканга караганда кумар оюндары адал болсо керек" - деген сөзүнө беш алты күндөн бери жер сууну жарып, албууттанган молдокелер үн катпады. Алар айтпаса, биз айталы. Арамдын чоң кичинеси болбойт! Ийне уурдаган менен төө уурдаган экөө бирдей эле ууру.

Биздин коомдо экономикалык абалды түшүнгөн жана анализ кылгандар өтө аз экен. Адал жашайлы десек, алгач, башмыйзам аркылуу мамлекеттин динин аныктап, өлкөдө чочко бизнеси менен алкоголдук өндүрүштөрдү токтотуу зарыл. Банктардын ишмердүүлүгүнө чекит коюш керек. Мусулмандар мээ оорутуп, илим менен техникага салым кошпой эле кыйкырып, кыйын боло берет экенбиз. Бийликке киреше алып келүүчү башка альтернатива суналган жокпуз. Экономиканы битке минген абалдан куткарып чыгам дегениңер казино мыйзамына каршы альтернатива сунгула! Аркаңардан мүлдөө кыргыз ээрчийт.

Манас Осмон, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн