Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Асылбек Жээнбековдун абакта отурганы - мыйзамсыз, - жактоочу

25.11.2021 14:00
837
Асылбек Жээнбековдун абакта отурганы - мыйзамсыз, - жактоочу


Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралды.


Соттун чечимине ылайык, эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы узартылды.


"Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы дагы 2 айга узартылды. Башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.


Биз бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн көпчүлүк депутаттардын макулдугу керек. Башкы прокуратуранын коюп жаткан айыбы абсурд. Себеби Асылбек Жээнбеков төрага катары  депутаттардын чыгарган чечимин токтом катары бекиткен. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок",- деди жактоочу Калыбек  Жамангулов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн