Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кумтөр боюнча бийлик менен бир топ саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы төп келүүдө

18.05.2021 11:56
1311
Кумтөр боюнча бийлик менен бир топ саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы төп келүүдө


Кумтөрдүн тегерегиндеги жагдайдан чыккан ой толгоо


Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштетмей болду. Парламент ошого макулдук берди. Экологиялык доо коюу жөнүндө сунуш менен башталган иш кыйла татаалдашып, акыры аны биротоло мамлекеттештирүү маселеси да козголду. Мунун бир нече шарттуу өңүтү бар. 


Биринчиден, Кумтөрдү мамлекеттештирүү Садыр Жапаровдун илгертен келаткан саясий риторикасынын негизи болчу. Эгерде бул иш башталса анын аброюна пайда болот. Иш кандай аяктаганына карабастан, аракеттин башталышынын өзү ал кеч болсо да убадасын аткара баштаганынан сигнал берет. Түрмөгө да ошого байланыштуу иш үчүн камалган саясатчынын бийлик мөөнөтү үчүн бул логикалык жактан туура. Антпесе таптакыр эле мурунку сөзү кийинкисине каршы чыгып бараткан. 


Ырас, Кумтөрдү мамлекеттештирүү идеясын Садыр Жапаровдон мурда эле «Ата Мекен» партиясы жана башка саясий күчтөр туруктуу негизде көтөрүп келишкен. Азыр да алар ошол эле позицияда турушат. Бул жагынан алганда учурдагы бийлик менен өлкөдөгү бир топ саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы көп жагынан төп келди десек болот. 


Экинчи өңүтү - укуктук жагдайлар. Эгерде «Центерра» кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берсе, кыргыз тарап утулуп калышы толук мүмкүн. Кеп юристтердин аздыгында эле эмес. Кеп Акаевдин убагында керексиз келишим түзүлүп, Бакиевдин убагында андан да начар келишим Конституциялык соттун чечими менен бекип калганында. Башкача айтканда кыргыз тарап убагында канадалыктардын торуна түшкөнү аз келгенсип, анын мыйзамдуулугун өз колу менен тастыктап бергенинде. «Центерра» ошого таянат. 


Ошондуктан мамлекеттештирүүгө караганда экологиялык доомат коюп соттошуу юридикалык жактан негиздүүрөөк болмок. Эл аралык экологиялык уюмдар да бул жагынан Кыргызстанды колдошуна шанс көбүрөөк. 


Ушундан улам бул процесстин үчүнчү өңүтү келип чыгат, ал - практикалык жагдай. Экологиялык доо коюп соттошуу - көпкө созула турган иш, анын үстүнө кыргыз тарап утар-утпасына деле толук кепилдик жок. «Центерранын» пайдасына акчасы, убакыт (компания каалашынча ишти созо алат), юристтер, келишимдер иштейт. Кыргызстанда андай ресурстар өтө аз. Казынага болсо акча азыр керек. Бийлик убактылуу кадамдардын аркасы менен болсо да казынаны толтурууга аракет кылып жатат. 


Бирок «Центерра» ансыз деле буга чейин алчусун алды. Ушунча жылдан бери анын Кыргызстандан алганын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк дээрлик жокко эсе. Кен мамлекеттин карамагына өтсө деле иш жүзүндө компания анча көп акчасын жоготпойт. Ал эми Кыргызстандын корко турган жагдайлары азайды. Эл аралык соттон сактанып отургудай тышта анча көп активдерибиз деле жок. Инвестор келбей коет деп корколу десек ансыз деле инвестор келип кыйратып жиберген жок. Ал тургай өлкөнүн ичиндеги инвестициялар да тышка агылууда. Капиталын чыгарып кеткендер күч алды. Демек, бул жагынан кыргыз өкмөтү корко турган нерселер деле дээрлик жок калды. Эгерде бийлик бат-баттан алмашып турушу мүмкүн экенин эске алсак андан бетер. 


Төртүнчү өңүтү - маалымат саясаты. Ушу тапта Баткендеги чек ара көйгөйүнөн элди алаксытыш үчүн Кумтөр маселеси абдан ыңгайлуу болушу мүмкүн. Бул маселе президенттин жана парламенттин деңгээлинде көтөрүлгөн соң мамлекеттештирүү тууралуу эртедир-кечтир кеп козголмок. Бирок бири экинчисин чечүүгө анча жардам бербейт. Балким акча түшсө армияны күчкө толтурууга жардам бериши мүмкүн. Бирок чек ара тууралуу документтерди такташуу менен аскерлердин күчү - экөө эки башка тегиздиктеги нерселер. Эгерде чек ара боюнча туура эмес чечимдер кабыл алынган болсо, анын кесепетин Кумтөрдү мамлекеттештирүү токтото албайт. 


Бешинчи өңүтү жогоруда айтылгандардын суммасынан келип чыгат жана тарыхый, философиялык мааниге ээ. Кумтөр кылымдын аферасы болгонун, грек мифологиясындагы Гордийдин түйүнүндөй болуп чырмалышып калганын элдин баары эле билген. «Центерра» кол тийгис болуп дайыма утуп келген, ал үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон. Алардын арасында канчалык парадоксалдуу көрүнсө да өзүнө каршы митинг уюштуруу сыяктуу ыкмалар болушу да мүмкүн. Азыркы оюндардын бир топ катышуучулары деле убагында Кумтөрдүн пайдасына кабыл алынган чечимдерге кошулуп, добуш берип, колдоп келгени ачыкка чыгып жатат. Мамлекет кенди өзүнө биротоло алса отуз жыл бою билинбей быгып жаткан акционерлердин ким экенин ачыкка чыгарууга да, компромат согушунда бир топ саясатчылардын бетин ачууга да жакшы шарт түзүлөт. 


Анын үстүнө кызыкчылыгы кандай болгонуна карабастан бийлик кенди мамлекеттештирүүгө барып, өзүнө алса, биротоло өзүн кол тийгис сезип алган эл аралык компаниялардын корпоративдик кызыкчылыгынын деле талуу жери бар экени көрүнөт. Кыргыз тарап ачыгын айтканда бул өлкөнүн ээси экенин жок дегенде ушул жолу көрсөтөт. Коррупциялык кызыкчылыктардын аркасы менен түзүлгөн келишимдердин баары эч нерсеге жарабай калышы мүмкүн экенин эл аралык корпорацияларга жок дегенде бир жолу далилдейт. Экономикалык пайдасына караганда ушунун өзү тарыхый тажрыйба үчүн баалуу нерсе. Ошондуктан «Кыргызстан андайга бара албайт» деген кеп-сөздүн баарына карабастан барып коюу маанилүү. 


Чындыгында Кумтөр, анын байлыгы кыргыз элине өтүшү керек. Буга чейинкисин кайрый албаган күндө да мындан кийинкиси кыргыз тараптын гана пайдасына иштеши зарыл. Бул жагынан алганда, түпкү максаты эмнени көздөгөнүнө карабастан, мамлекеттештирүү тууралуу демилгенин өзү пайдалуу нерсе. Байыркы римдиктер айтмакчы, «Карфаген талкаланышы керек».


Биз бир аз баео элбиз. Туура нерселер идеалдуу адамдардын идеалдуу кызыкчылыгынан улам гана жасалышы керек деп ишене беребиз. Бирок иш жүзүндө дайыма эле андай боло бербейт. Начар адамдар начар кызыкчылыктардан улам деле бирин бири ашкерелеп, элдин көзүн ачууга салым кошкон учурлар көп эле болду. Начар адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам акыры түбү жалпынын кызыкчылыгындагы иш жылган учурлар көп болот. Диалектиканын мыйзамы ушундай. Андыктан кандай чечилген күндө да түбөлүгү түз, кыргыз тараптын пайдасына болсун деп тилейли. Ансыз деле аянарыбыз калган жок. 


Жыргалбек Касаболот, журналист 

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн