Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кумтөр иши: Акылбек Жапаровдун катыштыгы болсо, сөзсүз жооп берет

08.07.2021 17:22
798
Кумтөр иши: Акылбек Жапаровдун катыштыгы болсо, сөзсүз жооп берет

"Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимдерде экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун колу жок болуп чыкты. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Маалымат жыйын учурунда журналист Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча 2009-жылкы келишимдин автору экенин өзү тастыктаганын айтып, "ал да суракка чакырылабы?" деп сурады.


"Автор экенин билбейм, бирок келишимдерде колу жок болуп чыкты. Тергөөдө анын катыштыгы азырынча аныкталган жок. Эгер ал коррупциялык иштерге барган болсо жоопко тартабыз. Керек болсо камайбыз. Эгер күнөөсү болсо Акылбек Жапаровду да аяп отурбайбыз", — деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн