"Кумтөр Голд Компани" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлери буга чейин ачылган кылмыш ишине тиешелүү документтерди жана каражаттарды алып кеткен.
Эки тарап да азырынча толук маалымат бере элек.
УКМК азыр тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирип, маалымат дүйшөмбү күнү берилерин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн