Күн-Туу айылында трал менен кошо өрттөнгөн 7 унаанын чыгымы 65 миң доллардан ашкан. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы тралдын айдоочусуна таянып билдирди.
Айдоочунун айтымында, ал мурда айыл-чарба тармагында иш алып барган. Акыркы кезде бөлөсү менен кошо чет мамлекеттен унаа ташып келип баштаган. Бул анын экинчи рейси болгон.
"Биз тралды 35 миң долларга кредитке сатып алганбыз. Бир жылда кредитти төлөп бүтүшүбүз керек. Ал жерде 7 унаа жети адамга таандык эле. Алар окуяны түшүнүү менен кабыл алды. 3 "Хонда фит", 2 "Хонда Степвагон", 1 "Тойота Альфард" жана 1 "Тойота Камри 30" үлгүсүндөгү унаа болгон",- деди айдоочу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн