Быйыл кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында 207 тонна жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү планы коюлду. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына 22 530 гектар жайытка жете турган үрөн сатып алуу үчүн конкурс жарыяланды. Сунушталган баа 60,6 миллион сомду түзөт. Сынакка катышууну каалагандар үрөндүн алты түрүн алып келип бериши шарт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн