Көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң Курандын баракчасы Өзбекстанда даярдалды. Каллиграф Гиннесстин рекорддор китебине кирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Ислам маданияты борборунун директору Шоазим Миноваров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Курандын кол жазма китебинин XIV кылымдан бери сакталып калган бир гана бети колдонулган.
"Ыйык китептин баракчасы өзбек каллиграфы тарабынан алты айда жасалган жана бул XIV кылымдагы Курандын бир баракчасынын чоңойтулган көчүрмөсү, Тимурийлер империясынын үчүнчү башкаруучусу Шохрух Мирза үчүн жасалган", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн