Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн териштирүүнү башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу ал 28-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында маалымдады.
“Башкы прокуратурада жашы жете электер үчүн атайын бөлүм бар. Кызматкерлер барып, текшерип кайтты. Окуяны тактап келишти. Биздин күчөтүлгөн көзөмөлүбүздө болот”, - деди Зулушев.
Ал эми Ички иштер министрлигинин өкүлү учурда соттук медициналык экспертизанынын жыйынтыгы чыга электигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн