Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:20
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Курманкул Зулушев ишкерлердин укуктарын коргой тургандыгын убадалады

25.03.2022 08:37
524
Курманкул Зулушев ишкерлердин укуктарын коргой тургандыгын убадалады

24-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Башкы прокурор К.Зулушевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдында түзүлгөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин биринчи отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди 



Консультативдик кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Башкы прокурор К.Зулушевдин чечими менен түзүлүп, бизнес-коомчулук менен мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу диалогду түзүү, ошондой эле ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган. 


"Ишкерлердин укуктары бузулган учурда, токтоосуз түрдө прокуратура органдарына кайрылыңыздар. Мыйзам бузган тараптарга карата сөзсүз чара көрөбүз",- деп белгиледи Зулушев.


Консультативдик кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Башкы прокурордун орун басары, аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, Бизнес-акыйкатчы жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн