Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:59
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Курманкул Зулушев көзөмөл органынын кызматкерлерин Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

22.11.2023 17:28
190
Курманкул Зулушев көзөмөл органынын кызматкерлерин Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады


Башкы прокурор Курманкул Зулушев көзөмөл органынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоодон мындай деп айтылат:

"Урматтуу прокуратура кызматкерлери!
Кадырлуу ардагерлер!

​Кыргыз прокуратурасы мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптанышынын күзгүсү. Анткени, мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, укук коргоо органдарынын анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен көз каранды.

​Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мыйзамдуулук менен жасаган ар бир ишибиз мамлекеттин, коомдогу туруктуулуктун жана укуктук тартипти бекемдөөнүн кепилдиги болот деп ишенем. Анткени, кандай гана коом болбосун, анын негизги принциби — бул, адилеттүүлүк.

Ошондуктан “кол тийбес” деген түшүнүк жоюлуп, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу, бирок, ошол эле учурда адилеттүү болууга тийиш.

Кадырлуу ардагерлер!

​Сиздердин мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп, чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздердин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар жана тайманбастыгыңыздар Кыргызстанга кызмат кылууга, аны бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталарына терең ишенем. Ары жооптуу, ары түйшүктүү ишиңиздерге ийгилик каалайм!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн