Бүгүн, 19-июндан тартып Бишкектеги Курманжан датка көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган тилкеде жол оңдоо иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин 20-августта аяктоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат жана тыгындардан качуу үчүн алдын ала маршрутту пландап, коомдук транспортту пайдаланууга кеңеш берет.
Коомдук транспорттун жүрүү схемаларындагы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн