Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкер 20 киши топтолгон кол тамгаларды тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
БШКнын 4-декабрь 00:01ге карата берген маалыматына ылайык, 20 талапкер күрөө акчасын берген. 15 талапкердин канча кол тамга топтогону белгилүү болду, ал эми 5 талапкердин канча кол тамга чогултканы маалым болгон жок.
Талапкерлердин тизмеси төмөнкүдөй:
1. Абдил Сегизбаев — 55 480;
2. Адахан Мадумаров — 39 856;
3. Аймен Касенов — 46 270;
4. Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
5. Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
6. Бабуржан Төлбаев — 58 029;
7. Бактыбек Калмаматов — 35 300;
8. Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
9. Имамидин Ташов (кол тамгалар саны белгисиз);
10. Канатбек Исаев (кол тамгалар саны белгисиз);
11. Каныбек Иманалиев (кол тамгалар саны белгисиз);
12. Клара Сооронкулова — 33 458;
13. Кубан Чороев — 39 053;
14. Курсан Асанов — 43 864;
15. Равшан Жээнбеков — 39 874;
16. Рашид Тагаев — 40 651;
17. Садыр Жапаров — 59 998;
18. Саматбек Ибраев (кол тамгалар саны белгисиз);
19. Улукбек Кочкоров (кол тамгалар саны белгисиз);
20. Эльдар Абакиров — 43 630.
Эске салсак, бул акыркы тизме эмес БШК кол тамгаларды текшерген соң, 15-декабрда үгүт иштери башталат.
Пикирлер (5)