Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 17:28
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Күрөш али алдыда. Жеңиш Молдокматов абактан кайрадан кат жазды

10.05.2021 12:33
1553
Күрөш али алдыда. Жеңиш Молдокматов абактан кайрадан кат жазды

"Туран" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов абактан дагы бир кат жазды. Кат анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.


"Урматтуу мекендештер!


   Колдооңуздарга терең ыраазычылык билдирем! Туулган күнүмө карата айтылган жакшы тилектериңиздер үчүн рахматымды билдирем! Деги эле элимдин уул-кыздары абакта эмес азаттыкта ата-энеси, балдары менен жакшы маанайда күн өткөргөнүн жараткандан тилейм! 

   Колдоп, сүрөп, жакшыны тилеп турган элиме жаратканым жакшылыгынан берсин. Өлкөбүздө тынчылык, өнүгүү болсун! Бийликке колу таза, ниети ак, чыныгы мекенчил, мамлекетчил, билимдүү инсандар келишин каалайм. 

   Бул күндөр дагы өтөт...

Азаттык, адилеттүүлүк, мамлекеттүүлүк үчүн күрөш али алдыда!",- деп жазылат Молдокматовдун катында.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гули Байта
Жеңиш иним акыйкат үчүн күрөшүп келет. Ошон үчүн бийликтегилерге жакпай жатат.