Эл толкуса, нааразы болуп чыкса эч бир жакшылыкка алып барбайт. Мындай пикирин Курсан Асанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча пикирин билдирип жатып айткан. Бул тууралуу "АКИпресс" жазып чыкты.
"Тарыхтан сабак алышыбыз керек. Мурдагы каталарды кайрадан кайталабашыбыз керек. Шайлоочулар саясаттан өтө тажаганын алардын катышуусунан байкадык. Анткени саат 14:00гө карата шайлоочулардын болгону 18 пайызы добуш берген. Андан кийин эле көрсөткүч Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында кескин өстү", - деди Асанов.
Пикирлер (3)