Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Курсан Асановдун соттук иши жактоочулар жоктугуна байланыштуу жылдырылды

26.06.2020 17:57
1033
Курсан Асановдун соттук иши  жактоочулар жоктугуна байланыштуу жылдырылды


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда каралган иште жактоочулар Ч.Жакупбекова жана Т.Токтакунова башка соттук отурумга катышып жаткандыктарына байланыштуу ишти башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келтирилген.


Сот өтүнүчтү канааттандырып, соттук териштирүүнү 3-июлга саат 14:00гө жылдырган.


Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери  боюнча кылмыш иши козголгон.


Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн