Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Курсан Асановдун соттук ишинде күбөлөр суракка алынды

12.08.2020 10:31
826
Курсан Асановдун соттук ишинде күбөлөр суракка алынды


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 11-август күнү өткөн отурумда сот күбө А.Султаналиевди суракка алды. Андан сон күбө Н.Камчиевди суракка алууга өткөн. Бирок аталган ишке бөлүнгөн убакыт аяктагандыгына байланыштуу, соттук отурум 13-августка саат 15:00гө жылдырылган.


Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери  боюнча кылмыш иши козголгон.


Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн