Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Курулуп жаткан 9 оорукана бүтсө, жалпысынан 1105 орунду камсыздайт

07.08.2020 16:22
1175
Курулуп жаткан 9 оорукана бүтсө, жалпысынан 1105 орунду камсыздайт



Капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан 9 саламаттык сактоо объекттилери жалпысынан 1105 орунга эсептелген. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

 

Анын айтымында, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез тургузулуучу материалдар менен 270 койкага эсептелген эксперименталдык ооруканалар курулууда. Азыркы тапта, объектилерди кыска мөөнөттүн ичинде куруп бүткөрүү пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражат каралган.

Белгилей кетсек, бул ооруканаларга керектелүүчү медициналык жабдыктар, эмерек жана шаймандардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн