Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Курулуп жаткан ооруканалар 68,8 млн сомго медициналык каражаттар менен камсыздалат

16.09.2020 14:15
1035
Курулуп жаткан ооруканалар 68,8 млн сомго медициналык каражаттар менен камсыздалат


Курулуп жаткан үч оорукананы жана багытын өзгөртүп жаткан 8 оорукананы жабдуу үчүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык департаменти 61 буюмдан турган медициналык жабдыктарга муктаждык бар экенин талдап чыкты. 

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, мониторингдин жана техникалык баалоонун жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 68 879 686 сомго жеткирүү келишимдери түзүлгөн. Негизги жабдуулар: бардык ооруканалар үчүн эки (121 топтом) жана үч функционалдык (765 топтом) керебеттер, бардыгы 886 топтом. Ар бир топтомдо матрац, тумбочка, штатив, керебеттин жанына коюулуучу тамак-аш үчүн стол бар.

Мындан тышкары, рентген аппараттарын - стационардык жана мобилдик, керебеттин жанына орнотулуучу мониторлорун, дефибрилляторлорду, электрокардиографтарды, портативдик жана стационардык УЗИ аппараттарын, автоклавдарды, тонометрлерди, бокс-камераларды, бейтаптарды ташуу үчүн каталкалар, кушеткалар, ультраүндүү ингаляторлор жана башка медициналык багыттагы буюм-тайымдарды жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Жабдуулар менен камсыздоо үчүн 9 компания менен келишимдер түзүлгөн.

Мындан тышкары, «Коопсуз шаар» долбоорунун каражаттарынын эсебинен Саламаттыкты сактоо министрлиги 37 тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялаган, анын 27си жол тандабас (высокая проходимость), 10у бир октуу (моноприводный). Техникалык шайкештик боюнча эксперттик корутунду алынды. Учурда тендердик документтер тендердик комиссия тарабынан баалоо стадиясында. Тендердин жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишими түзүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн