Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Курулуш компанияга мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн Архитектура жана курулуш агенттигинин кызматкерлерине иш козголду

09.03.2022 12:50
509
Курулуш компанияга мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн Архитектура жана курулуш агенттигинин кызматкерлерине иш козголду

Курулуш компанияга мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн Архитектура жана курулуш агенттигинин кызматкерлерине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Башкы прокуратура тарабынан “П.С.” курулуш компаниясынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу каралды.


Натыйжада, ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелинген Агенттиктин кызматкерлери мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жогоруда аталган курулуш компаниясынын курулуш иштери жүрүп жаткан объектисинде мыйзамсыз текшерүү жүргүзүлгөндүгү аныкталды.


Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзам бузууларга жол беришкен кызматкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси (“Кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу”) менен укук бузуулар жөнүндө иши козголуп, соттун кароосуна жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн