Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:17
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Курулуш компаниялардын бири медицина тармагына 2 бөлмөлүү батирдин акчасын которот

15.07.2020 13:22
1219
Курулуш компаниялардын бири медицина тармагына 2 бөлмөлүү батирдин акчасын которот


Президент Сооронбай Жээнбеков ѳлкѳдѳгү оор абалга байланыштуу элге жасаган кайрылуусунда коронавируска байланыштуу ѳз жардамдарын кѳрсѳтүп жаткан жеке жарандарга ыраазычылык билдирүү менен бизнести да кыйын кезеңде кайдыгер карабоого, колдон келген жардамдарды кылууга чакырган эле.


Ѳлкѳ башчынын сѳзү жерде калган жок. «Эмаком» курулуш компаниясы Ош шаарындагы 2 бѳлмѳлүү жаңы батирдин акчасын медицина тармагына жардам иретинде которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.


Акча атайын коронавируска каршы күрѳшүү үчүн ачылган эсепке которулары маалым болду. Компаниянын жетекчиси Мелис Жусупов медицина тармагын мындан ары да колдой бере турганын билдирди. 2 бѳлмѳлүү батирдин акчасын медицина кызматкерлерине жардам, колдоо катары берип жатканын кошумчалады.


«Кѳп түкүрсѳ кѳл болот» демекчи, жарандардын бизнес чѳйрѳнүн буга окшогон жардамдары коронавирус менен күрѳшүүдѳ  сезилерлик жардам  болуп, абалды жакшыртууга кѳмѳк  кѳрсѳтпѳй койбойт.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн