90-жылдары Казакстан талаасында жолду бербей жайнаган жыландар бара жатканы жөнүндө кабар укканбыз. Бул жөнүндө телевизордон айтылып, гезит-журналдарга жазылган. Уюктуу жыландар Кыргызстан тараптан качып, казак талаалары аркылуу өткөн экен.
Ошол жыландар көрсө, Кум-Төрдөн кеткен экен деп ойлойм азыр. Алар менен кошо өлкөдөн кут-береке кетип калган экен. Анткени, жылан ден соолуктун, ак жоолуктун жана оң соолуктун символу. Кыргызстандан бекер качышпаптыр. Андан бери 27 жыл ичинде биз эмнени үйрөндүк: алдамчылыкты, жеп-ичкенди, жаны жоктукту үйрөндүк.
Кут-береке өлкөбүзгө кайтып келишин тилеп, дарактардын ийри бутактарынан,
тамырларынан, агынды жыгачтардан жыландардын кейиптерин бутак жасай баштадым.
Азырга чейин чоң-кичинеси болуп миңден ашуун жылан бар. Айрыкча бул
жаныбарлардын паашасы ажыдаардын кейибин келтирүү өтө татаал дагы, кызыктуу
дагы. Манастын колдоочусу алты кулач ажыдаар
болгон. Ал өз уюгун коргой билет. Жыландар үйүрү менен бара жатканда эң чоңу
алдында жана артында болуп, ал эми кичинекейлерин коргоо үчүн ортолорунда алып
жүрүшөт экен. Алар дагы тукумун курут кылгылары келишпейт. «Жылан бар жерде
байлык жана дөөлөт бар» деген түшүнүк бар эзелтен. Ылайым, менин «жыландарым»
Кыргызстанга кут, тынчтык жана ынтымак чакырышсын".
Журналист Зинакан Пасанованын таланттуу жыгач-бедизчи Абдилазиз Шапаков менен маегинен үзүндү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн