Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 20:27
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

15 жылдан бери куткаруучу болуп иштеген Н.Төрөкулов иш учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү (сүрөт)

30.06.2020 11:34
1235
15 жылдан бери куткаруучу болуп иштеген Н.Төрөкулов иш учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү (сүрөт)


Нурлис Төрөкулов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 15 жылдан бери куткаруучу болуп иштеп келет. Учурда ал ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары кызматын аркалап келет. 1-июль - куткаруучулардын кесиптик майрамына карата Нурлис Төрөкулов иш тажрыйбасындагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү. 


Анын айтымында,  ал 1988-жылы Талас районунун Жон-Арык айылында төрөлгөн. Келинчеги банк тармагында иштейт. Эки баласы бар, улуу кызы 3-класста окуйт, уулу 5 жашта, бала бакчага барат.


"Аскер жашоосу боюнча бала кезимде түшүнүк жок эле. Көчөдө дос балдар менен ойноп жүрүп, борбор калаабыз Бишкектеги Суворов окуу жайга тапшыралы деп аттандык. Үйдөн атам менен кеңешип, “Эл караган бетимди жер каратпа” деп макулдугун берди. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук лицейине тапшырып, 2006-жылы аяктадым.  Ошол эле жылы Аскер институтуна тапшырып, 2010-жылы аяктагам. 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун Издеп-куткаруу кошуундун 7-чи издеп-куткаруу тобунун командири кызматынан тартып, Издеп-куткаруу кошуундун командири кызматына чейин кызмат өтөдүм. 2017-жылы Россия Федерациясынын Жарандык коргоо академиясына өтүп, 2019-жылы аяктап, бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик боборунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча оорун басары болуп кызмат өтөп келем", - деди ал. 


Анын айтымында, ал 10 жыл аралыгында 1000ге жакын өздүк курамга куткаруу ыкмаларын үйрөткөн. 


Кызматыбызда чет өлкөлөргө барып куткаруу боюнча мелдештерге катышып, татыктуу оорундарды алып келгенда бар. Казакстанда эл аралык куткаруучулар мелдешине 3 жолу баргам. Жаш куткаруучуларды даярдап Азербайжанга татыктуу катышып, мактоо баракчалары менен келгенбиз. Молдовия Республикасында тактикалык машыгуулар болуп куткаруу ыкмалар менен бөлүшүп, катышуучуларды таң калдырган күндөр да болгон", - дейт ал.


Нурлис Төрөкулов иш учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.


"Эсте калаарлык күн бул - экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну эртең башталат деп жатканда, Кырчын жайлоосуна боз үйлөр тигилип, жети областын, жети ордосу болуп чоң айыл жайгашкан. Кечке маал жамгыр катуу жаап, тоодон түшкөн суулар топтолуп, боз үйлөр тигилген ордолорду каптап жатат деп маалымат түшүп, куткаруучулар өзгөчө кырдал болгон жерге жеткиче балдарды бөлүштүрүп, суунун нугун буруп, ордого жеткиче элдер чогулуп калыптыр. Баары дүрбөлөңгө түшүп, боз үйлөрдү чечип башка жерге кайра үйлөрүн тигели деп турушкан экен. Элдин тынчтантып туруусун суранып, эң биринчи жайгашкан боз үйгө өздүк курамды киргизип, тегерете тургузуп, бир, эки, үч көтөр деп, оңго жыл, солго жыл түз деп багыт берип отуруп боз үйлөрдү коопсуз жерлерге койдуруп жатсак элдер “орус улутунда избушка на курьих ножках”, бизде боз үйлөр өздөрү жүгүрүп жүрөт деп күлүп, бизге абдан ыраазы болушкан.


Куткаруучу болгондон кийин бир эле кесип менен чектелип калбаш керек. Себеби кырдаал ар тараптуу болот. Кызматыбызда ар бир куткаруучу биринчи медициналык жардам берүү, альпинизм, суучул, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү, өрт өчүрүүнү билүүсү өтө зарыл", - деди куткаруучу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн