Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:18
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кутман Турсункулов 30 жыл мурда Токтогул районунда жер титирөөдөн каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтты

19.08.2022 17:54
3263
Кутман Турсункулов 30 жыл мурда Токтогул районунда  жер титирөөдөн каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтты

Бүгүн, 19-август биздин Токтогул өрөөнүбүз үчүн өтө маанилүү күн. Анткени, 30 жыл мурун так ушул күнү кыргыз жеринде, анын ичинде өзгөчө Токтогул районунда өтө чоң кайгы болуп өткөн. 

Тынч, өз тиричилигин кылып жаткан элибиз өтө алп жер титирөөгө кабыл болуп, ошол кезде көптөгөн бир туугандарыбыз каза таап, он миңдеген жердештерибиз, миңдеген үйлөр, социалдык объектилер, мектептер, ооруканалар жабыркаган.


Жер титирөөнүн эпицентри 9 баллга жетип, жолдор талкаланып тарыхта болбогондой каран күн жаралган.


Ушул күнү мен баарыбыздын атыбыздан ошондогу жабыркаган адамдардын жакын туугандарына терең көңүл айтамын. Ошол кездеги жаралган натыйжаны жоюу иштеринде катышкан бүгүнкү күндөгү аксакал аталарыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык айткым келет! 

Кудайым элибизди колдоп, заманыбыз тынч болсун!


Кутман Турсункулов, активист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн