Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.


Кар көчкү коркунучу бар тилкелер:


Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);


Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу);


Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).


Кара-Гөө ашуусунун 60-94-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.


Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


ӨКМ кырсык катталган учурда 112 номерине чалуу керектигин эскертет, чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн