Кулжа 17, 2024
Убакыт: 17:33
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Күйөөсү башка сүйгөнүнө кетип калган. Түркияда кыргыз келин 3 баласы менен көчөдө калды

16.02.2022 17:21
1270
Күйөөсү башка сүйгөнүнө кетип калган. Түркияда кыргыз келин 3 баласы менен көчөдө калды

Түркиянын Анталия шаарында 28 жаштагы кыргыз келин Айнура Рыскелдиева үч кызы менен көчөдө калды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары кабарлады.


Маалыматка ылайык, келин 2013-жылы Түркияга бала багуучу болуп иштегени барган. Ал жерден болочок күйөөсү менен таанышып, аны менен нике кыйып, беш жылдан ашык убакыт жашашкан. Алардын үч кызы бар. Келиндин айтымында, аны күйөөсү алдап башка аялга кетип калган. Анын айынан пикир келишпестиктер чыккан.


"Мени сабап, үстүмө кайнак суу куюп жиберди. Анан бизди көчөгө кууп чыкты. Милицияга кайрылдым, бирок менде каттоо жок болгондуктан арыз бере алган жокмун. Бирок балдардын документтери менен баары жайында. Алар Түркиянын жарандары. Бирок балдарымды менден тартып алышабы деп корком. Мекенимде мага жардам бере турган жакын туугандарым жок. Камкор жарандар мага батирге чыгууга жардам беришти. Азыр киреше булагым жок, балдарым кичинекей болгондуктан иштебейм. Кыргыз өлкөсүндө да туугандар жок. Атам каза болуп калган", - деди кыргыз келин.


Азырынча бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат бере элек.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн