Бишкектеги айрым май куюучу жайларда дизелдик күйүүчү май жок же айрым май куюучу жайлар жабылууда. Бул тууралуу шаардыктар жергиликтүү басылмаларга билдирүүдө.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов мындай көйгөй бир гана Бишкекте эмес, жалпы Кыргызстанда болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, айрым нефтетрейдерлер өздөрүнүн түйүндөрүнө күйүүчү майды араң жеткирүүдө. Ошондуктан башка май куюучу жайлар жабылууга мажбур болууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн