Теке 29, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Күйүүчү майдын баасы дагы 6-7 сомго кымбаттайт

09.03.2021 17:17
930
Күйүүчү майдын баасы  дагы 6-7 сомго кымбаттайт

"Биздин маалыматыбыз боюнча, күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-7 сомго көтөрүлүшү күтүлүүдө”, - деди Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында.


Буга чейин депутат Кожобек Рыспаев өткөн жылы Казакстандан күйүүчү-майлоочу майлар импорттолуп жатканда, Кыргызстанда баалар төмөндөгөнүн айтты. Бул багытта келишимдерди түзүү боюнча иштер жүрүп жатабы деп  сурады.


"Казакстан 2020-жылдын 3-августунда алымды жокко чыгарып, аны 2020-жылдын 25-декабрында кайра киргизген, ошондуктан бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу затты Казакстандан ташып келүү пайдалуу эмес", деди А.Кадырбаев.


 "Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы күн сайын 50 тыйынга көтөрүлүп жатат",- деп кошумчалады депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн