Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Күйүүчү майдын орточо баасы 43,5 сомду түзүүдө

14.04.2020 11:02
954
Күйүүчү майдын орточо баасы 43,5 сомду түзүүдө


Күйүүчү-майлоочу майлар боюнча 40,6 миң тонна дизелдик отун жазгы айдап себүү иштери үчүн керек болуп жатат, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр, ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында.


Анын айтымында, учурда күйүүчү майдын 32,4 миң тоннасы же 80 пайызы даяр. Майдын орточо баасы 43,5 сомду түзүүдө.


Учурда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен биргеликте сүйлөшүүлөдү жүргүзүп, тиешелүү макулдашууларга кол койгон. Учурда абал туруктуу, жетишсиз жагдайлар түзүлбөйт деп ойлойм” , - деди Боронов.


Минералдык жер семирткичтерди январь айынан майга чейин ташып келүү графиги түзүлгөн, азыр 65,3 миң тонна минералдык жер семирткичтери даяр. Учурда баасы 4 сомго кымбаттады. 250 миң даана айыл чарба техникалары ишке берилет, 90 МТЗ иш алып барууга даяр. Тетиктерди иштетүү жана сатуу боюнча базарларды уюштуруп жатабыз, деп кошумчалады ал.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн