Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:49
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Күздөгү шайлоодон кийин революция жасаганга аракет кылгандар бар, - Ташиев

08.07.2021 17:33
1042
Күздөгү шайлоодон кийин революция жасаганга аракет кылгандар бар, - Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев революция болбой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июлда маалымат жыйында билдирди.


"Жогорку Кеңеште бир депутат дайыма Орхан Инанды боюнча жооп бересиңер деп коркутуп жатышат. Ооба жооп беребиз. Баарыбыз жооп беребиз. Анын катарында чакырык үчүн силер дагы жооп бересиңер. Саясатчылар ар кандай нерселерди айтып жатышат. Күзүндө парламенттик шайлоодон кийин революция болот деп жатышат. Эч кандай революция болбойт. Биз элдик бийлик революцияга жол бербейбиз. Андан көрө өзүбүз кетебиз.


Биздин өлкөгө революциянын кереги жок. Кээ бир саясатчылар бийликке жетүү үчүн ар нерсени айтышат экен. Муну башка адамдар колдонуп кетиши мүмкүн. Биз эч кимден жалтанып, коркуп, аяп койбойбуз. Эгерде мамлекетке зыян келтире турган болсо кайсы саясатчыны болсо дагы жоопко тартууга күчүбүз, духубуз, акылыбыз дагы жетет", - дейт Ташиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн