Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы күзөт бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук милиция полкунун кармоо тобунун ишмердүүлүгүн текшерип, саптык кароо өткөрдү. Бул тууралуу Күзөт кызматынын маалымат кызматы билдирет.
Анда кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, кесиптик даярдыгын текшерди.
Мындан сырткары кармоо тобунун экипаждарына тиешелүү жабдуулары, кызматтык автоунаалардын техникалык абалы менен таанышты.
Саптык кароодо кызматтык күжүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча боюнча бир катар кемчиликтер орун алган. Ошондой эле ИИМдин бир катар буйруктарынын аткарылышы тиешелүү талаптарга жооп берген эмес.
Жыйынтыгында. ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине бир катар кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн