Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Күзөт кызматынын кызматкерлеринин физикалык абалы текшерилди

22.05.2023 17:51
404
Күзөт кызматынын кызматкерлеринин физикалык абалы текшерилди


2023-жылдын 20-майында ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын атайын кызматтык деңгээлин жакшыртуу жана физикалык даярдыгын, марш ыргытуу жөндөмүн текшерүү максатында саптык кароо жана марш бросок өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.


Саптык кароодо кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, экипировкаларын жана кесиптик даярдыгын текшерди.

Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине кызматтык күжүрмөн даярдыктар боюнча кошумча тапшырмалар берилди.


Мындан сырткары, граната ыргытуу, гиря көтөрүү, денесин түртүп көтөрүү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ошондой эле, өздүк курамдан күжүрмөн самбо боюнча сынак алынды. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты кызматкерлер аныкталды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн