Күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болот деп айтып жатышат, бул боюнча маселе дагы талкууланууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы брифинде билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча атайын иш план иштелүүдө.
"Учурда дары-дармектерди сатып алуу боюнча өкмөттүн деңгээлинде интенсивдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Медициналык каражаттардын жана дары-дармектердин жетишсиздигин жоюу боюнча иштер жүрүүдө. Колдон келсе, ар бир ФАПты кычкылтек концентратору менен камсыз кылууну пландап жатабыз", - деди премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн