Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 08:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Лексустардын бактарын чоңойтуп алган. Токмокто мыйзамсыз түрдө күйүүчү май ташыгандар аныкталды

Лексустардын бактарын чоңойтуп алган. Токмокто мыйзамсыз түрдө күйүүчү май ташыгандар аныкталды

 

Кыргыз Республикасынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып Токмок ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди. 


Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн