Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ленин кыргыз элинин тагдырын чечүүнү жеке көзөмөлүндө кармап турган

04.03.2021 14:14
1115
Ленин кыргыз элинин тагдырын чечүүнү жеке көзөмөлүндө кармап турган


Асель Даниярова менен Владимир Шварц былтыр тырыхый чоң ачылыш жасашты, бул окуя азырынча коомчулуктун көз жаздымында калып турат. Кеп Владимир Ильич Лениндин кыргыз элинин тагдырын чечүүгө тикелей киришкени, 1920-жылы кыргыз элинин көйгөйлөрүн жеке көзөмөлдө кармап, тапшырмаларды берип турганы жөнүндө. Кыскача баяндасак...

1920-жылдын 1-майында Жунус Баиджанов, Ишеналы Арабаев, Исака Шайбеков, Исамүдүн Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекпаев, Султангазы Сраилов, Кашимбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев жана Лагир Янсанчин деген он киши Ленинге кат жазышат, элдин башына 1916-жылда түшкөн калабаны, андан кийинки жылдары орус келгиндери тараптан жасалып жаткан зордук-зомбулуктарды, Совет бийлиги дегенге кайдагы шылуундар кирип алышканын, Кызыл Армияга дагы 16-жылдагы кызыл-кыргынга тиешеси барлар кирип алышканын, алар ошондой эле иштерди улантып жатышканын, кыргыз эли революция берген эркиндиктерден эч кандай пайдалана албай жатканын жазышкан, ошону менен бирге 21 пунктан турган өтүнүч беришкен. Ар бир өтүнүч орчундуу. Эң кызыгы - өтүнүчтөр бизге нан керек, азык-түлүк керек, жардам керек...деген сыяктуу күнүмдүк кыйынчылыктардан чыккан маселелерден эмес, орчундуу, келечекке, өнүгүүгө өбөлгө боло турган маселелерден турганы. Өтүнүчтөрдүн 1-пунктунда - мектеп жашындагы кыргыз балдарын милдеттүү түрдө окутуу үчүн атайын буйрук чыгарууну өтүнүшкөн, 2-пунктунда болсо - адамзаттын маданиятына зарыл болгон мектек жана училищаларды курууну баштоону суранышкан. Ошондой эле сентябрь айына чейин окутуу үчүн зарыл болгон алиппе, химия, жаратылыш таануу жана башка окуу куралдарын кыргыз тилинде даярдап жеткирүүнү өтүнүшкөн. Ошондой эле өтүнүчтөрдө айыл чабасын, мал чарбасын өнүктүрүүгө карай сунуштар, 1916-жылдагы кыргындын кесепеттерин жоюу, Кытай тарапта калып калган боордошторубузду кайтарып келүү маселелери да камтылган.

Бул катты Григорий Бройдо аркылуу беришиптир, ал кишиге дагы атайын кат менен кайрылып. Бройдону кыргыз коомчулугу жакшы билет, ал 1916-жылы эле кыргын атайын провокацияланып эле жасалды, орус бийлигинин максаты жерлерди бошотуу, келгиндерди жайгаштыруу деп чыркырап көрсөтмө берген. Анын көрсөтмөсү орус жана кыргыз тилинде бир топ жолу жарыя болгон.

Бройдо катты Ленинге жеткириптир, Ленин өзү окуптур. Бул жөнүндө документтер турат. Анан Ленин катты тиешелүү адамдарга жолдоп, алардын жообун алганы да документтерде турат. А түгүл ошол учурдагы Россиядагы мал чарабасы боюнча кыйын деген адисти бул жакка жөнөтүптүр. Ошондой эле ошол 1920-жылы Лениндин чечими менен Кытайда калган кыргыздарды алып келүү үчүн атайын акча каражаты бөлүнгөнү белгилүү.

Ушулардан улам ошол 1920-жылдын 2-октябрында өткөн Комсомолдун 3-съездинде Жусуп Абдрахмановдун Президиумда Ленин менен жанаша отуруп калышы да жөн жерден болгон эмес го деген ой келет.

Кандай болгон күндө дагы жогоруда айтылган кат, ал катка байланыштуу окуялар биздин тарыхчылар тарабынан терең иликтенгени туура болот, менин оюмча бул тема кандидаттык эле эмес докторлук диссертацияга да татыктуу болуп калуусу мүмкүн.

Айтылган каттардын түп нускасынын көчүрмөлөрү, жана башка ушуга байланыштуу документтер менен, ошондой эле кыргыз элинин тарыхына, айрыкча 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө, ага байланыштуу элдин башына түшкөн кандуу трагедия - Үркүнгө байланыштуу тарыхый архивдик материалдар, алар тууралуу Владимир Шварцтын комментарийлери менен http://daniyarov.kg/ сайтынан таанышып алсаңар болот. Негизи биздин тарыхчылар, Илимдер Академиясы жана башкалар 1916-жыл боюнча 100 жылда жасай албаган ишти Владимир Шварц менен Асель Даниярова экөө эле акыркы беш-алты жылда жасап коюшту, бул эмгектеринин акыбети кайтат деп ишенем.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн