Дагы бир талапкер №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Мухтарбек Айткулов арызын кайтарып алганы белгилүү болду. Буга чейин Коргоо министрлигинин аскер кызматкери Ханзада Осмоналиева катышуу тууралуу оюн өзгөрткөн.
Белгилей кетсек, 10-сентябрда бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда парламенттин депутатын кайра шайлоо өтөт. Каттоо 21-августка чейин созулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн