Бештин айы 10, 2023
Убакыт: 11:11
USD
89.30
89.72
EUR
96.00
97.00
RUB
0.965
0.985

Ленин округунан шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны бешке жетти

17.07.2023 10:05
922
Ленин округунан шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны бешке жетти


Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар азыр берген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
- 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай.

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн