Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ленин райондук күзөт бөлүмү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты бөлүм деп табылды

20.02.2023 10:43
229
Ленин райондук күзөт бөлүмү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты бөлүм деп табылды



ИИМдин Күзөт кызматынын 57 жылдыгына карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарынын көп жылдар бою кызматта эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерди медаль, ардак грамоталар, кол сааттар менен сыйлашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук

күзөт бөлүмү түзүм бөлүмдөр арасында жарандардын мүлкүн, жеке ишканаларын жана батирлерин сактоодо мыкты иш алып баргандыгы, жетекчилик курамы иш-кагаздар менен өз убагында так аткаргандыгы, объектилерди кайтарууда өздүк курам жоопкерчиликтүү мамиледе милдетин аткаргандыгы үчүн 1 орунду ээледи. 

Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков өздүк курамды, ардагерлерди медаль, ардак грамота жана мыкты белек-бечкектер менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди. 

Ошондой эле, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Русланбек Жакышов катышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан өздүк курамга ар кандай сыйлыктарды тапшырды. 

Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Абдуазим Ажыгулов Улуттук банкы тарабынан дагы мыкты кызматкерлер сыйланды. 


Мындан тышкары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмү Бишкек шаарынын Ленин РИИБи менен тыгыз байланышта иш алып баргандыгы үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын жетекчилигинин сыйлыктары мыкты кызматкерлерге тапшырылды.


Иш-чаранын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ѳздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген милициянын подполковниги Султан Дюшалиевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышып, өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белектерин тапшырышты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн